24.03.26
Азербайжан жана Өзбекстан агрардык илим, азык-түлүк коопсуздугу жана айыл аймактарын өнүктүрүү багытында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган меморандумга кол коюшту.
Бул тууралуу шейшемби күнү “Trend” агенттиги Өзбекстандын Айыл чарба министрлигине шилтеме берүү менен маалымдады.
Документке Өзбекстандын Айыл чарбасында билим жана инновациялар улуттук борборунун директорунун орун басары Ойбек Омонов жана Азербайжандын Агрардык илимий-изилдөө борборунун директору Рашад Гусейнов “Италия – Борбор Азия (C5) + Азербайжан” эл аралык агробизнес-форумунун алкагында кол коюшту.
Келишим илимий маалымат жана тажрыйба алмашууну, биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууну, адистердин катышуусу менен окутуу программаларын уюштурууну, ошондой эле агрардык сектордо инновациялык чечимдерди практикалык жактан пайдаланууну карайт.
Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, мындай кызматташтык айыл чарбасында заманбап ыкмаларды кеңири колдонууга жана илимий иштеп чыгууларды практикалык түрдө тезирээк пайдаланууга өбөлгө түзөт.
Эскерте кетсек, 23–24-март күндөрү, Ташкентте Италиянын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Инновациялар, регенеративдүү айыл чарба, экспорт жана туруктуу агроэкосистемалар үчүн санариптештирүү” аттуу эл аралык бизнес-форум өтүп жатат.


