27.03.26

Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров Түркиялык “Heyal holding” компаниясынын негиздөөчүсү Вахдеттин Хеял менен жолугушуу өткөрдү. Анда Фергана облусуна караштуу Кува районундагы “Туран турк” атайын өнөр жай аймагынын биринчи этаптагы курулушунун жүрүшү талкууланды.

Жолугушууда учурда иштер активдүү жүрүп жатканы, курулуштун сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленди.

Ошондой эле канаттууларды өстүрүү тармагында кооператив түзүү сунушу каралды. Катышуучулардын пикири боюнча, бул демилге калкты жумуш менен камсыз кылууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Хайрулло Бозоров бул демилгени колдоп, аймактагы долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Көрүшмөнүн жыйынтыгында тараптар сунуштарды ишке ашыруу жана өнөр жай аймагын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чараларды аныкташты.

https://www.uzdaily.uz/ru/ferganskaia-oblast-razvivaet-promyshlennuiu-zonu-turon-turk/