21.04.2026
Өзбекстан Борбор Азиядагы кайра жаралуучу жашыл энергия булактарын өнүктүрүү боюнча эң жогорку көрсөткүчтү көрсөткөн өлкөлөрдүн бири болууда. Бул тууралуу, Эл аралык кайра жаралуучу энергия агенттигинин “Кайра жаралуучу жашыл энергия кубаттуулугу боюнча статистика — 2026” аттуу баяндамасында айтылат.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынын жалпы орнотулган кубаттуулугу 10 027 мегаватка (МВт) жетти. Салыштыруу үчүн, 2016-жылы бул көрсөткүч 1 883 мегават (МВт) гана болгон. Ошентип, он жылга жетпеген убакытта өсүш беш эседен ашты.
Негизги өсүштү күн энергетикасы камсыз кылды. Күн фотоэлектр станцияларынын кубаттуулугу 2016-жылы 2 мегаваттан (МВт) бир аз жогору болсо, 2025-жылдын аягына карата 5 934 мегаватка (МВт) жетти. Азыркы учурда күн энергиясы өлкөнүн кайра жаралуучу энергиясынын жарымынан көбүн түзөт. Мындай өсүш акыркы жылдары чет өлкөлүк инвесторлордун жана эл аралык каржы институттарынын катышуусунда ири күн станцияларын куруунун эсебинен камсыз болду.
Шамал энергетикасы да олуттуу өнүгүүнү көрсөтүүдө. Мурда дээрлик болбогон бул тармакта орнотулган кубаттуулук 2025-жылы 1 652 мегаватка (МВт) жетти (2023-жылы — 501 мегават (МВт). Бул өлкөнүн энергия булактарын диверсификациялоого олуттуу көңүл бура баштаганын көрсөтөт.
Өлкөнүн электр энергетикасында кайра жаралуучу булактардын үлүшү 2016-жылдагы 13,3% пайыздан 2025-жылы 36,1% пайызга чейин өстү. Бул энергетика тармагындагы олуттуу түзүмдүк өзгөрүүлөрдү чагылдырат.
Акыркы үч жылда өсүш өзгөчө ылдам болду: 2022–2025-жылдары кайра жаралуучу энергиянын кубаттуулугу дээрлик төрт эсеге көбөйүп, 2 429 мегаваттан (МВт) 10 027 мегаватка (МВт) жетти. Бул мамлекеттик саясаттын күчөшүн жана инвестициялардын көбөйгөнүн айгинелейт.
Дүйнөлүк деңгээлде да өсүш рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. “IRENA” уюмунун маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягына карата дүйнөдө кайра жаралуучу жашыл энергиянын жалпы кубаттуулугу 5 149 гиговатка (ГВт) жетип, бир жыл ичинде 15,5% пайызга өстү. Жаңы пайдаланууга берилген энергия кубаттуулугунун 85,6% пайызы кайра жаралуучу жашыл энергиянын булактарынын үлүшүнө туура келип, алардын жалпы үлүшү 49% пайызга жакындады.
2025-жылы дүйнөдө 692 гиговат (ГВт) жаңы кайра жаралуучу жашыл энергия кубаттуулуктагы станциялар ишке киргизилди. Анын ичинен күн энергетикасы болжол менен 510 гиговат (ГВт), ал эми шамал энергетикасы 159 гиговат (ГВт) ГВт болду.
https://www.uzdaily.uz/ru/irena-uzbekistan-rezko-narashchivaet-vozobnovliaemuiu-energetiku/


