24.04.26

Анкарада Түркия менен Өзбекстандын ортосунда туризм, диний жана маданий тармактардагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөр өттү. Жолугушуулар эки өлкөнүн көп жылдык стратегиялык өнөктөштүгүнүн алкагында уюштурулду.

Түркияга Өзбекстан президентинин администрациясынын Дин иштери жана агартуу департаментинин жетекчиси, Эл аралык ислам академиясынын ректору Музаффар Камилов баштаган делегация барды.

Сапардын алкагында делегация Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүүлөргө Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, өзбек делегациясынын башчысы Музаффар Камилов жана Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгынын төрагасынын орун басары Зайниддин Эшонкулов катышты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер өз ара ишенимге негизделгенин белгилеп, акыркы жылдары президенттер Режеп Тайип Эрдоган менен Шавкат Мирзиёевдин саясий колдоосунун аркасында кызматташтык жаңы деңгээлге чыкканын билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө вакуф системасын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Делегациялар Өзбекстандын кайрымдуулук тармагындагы ишмердүүлүгү жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча маалымат алмашты. Ошондой эле “Вакф” кайрымдуулук коомдук фонду менен Социалдык коргоо агенттигинин ишмердиги белгиленип, алардын социалдык колдоону жана коомдук ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы баса белгиленди.

Мындан тышкары, тараптар зыярат (паломничество) туризмин өнүктүрүү, бул тармактагы реформалар жана кызматташууну кеңейтүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты. Зыярат туризминин вакуф мүлкү менен байланышы жана бул багыттарды биргелешип өнүктүрүүнүн мааниси да өзүнчө белгиленди. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн туристтик потенциалын илгерилетүү жана туризм тармагындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.

https://www.uzdaily.uz/ru/turtsiia-i-uzbekistan-rasshiriaiut-sotrudnichestvo-v-turizme/