15.05.26

Өзбекстан экспорттук-импорттук жүктөрдүн туруктуу ташылышын камсыз кылуу жана транзиттик каттамдардагы кечигүүлөрдү азайтуу максатында келечектеги жүк флотун Түркмөнстандын жана Казакстандын деңиз портторуна жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Маалыматка ылайык, өлкө Каспий деңизинде иш алып баруу үчүн жүк ташуучу паромдорду ижарага алуу жана сатып алуу механизмдерин иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Шохрух Гуламов билдиргенин “Upl.uz” басылмасы жазды.

Анын айтымында, улуттук флотту түзүү Өзбекстан үчүн логистика тармагындагы жаңы багыт болуп саналат. Кемелерди куруу жана пайдаланууга берүү үчүн кеминде беш жыл талап кылынгандыктан, учурда ыкчам чечим катары кемелерди ижарага алуу варианты каралууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын июль айында Өзбекстан менен Азербайжандын транспорт мекемелери Каспий аймагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган протоколго кол коюшкан. Ал эми ошол эле жылдын август айында өзбек тарап Түркмөнстан менен кеме куруу тармагындагы кызматташуу боюнча меморандум түзгөн.

https://business.com.tm/ru/post/15618/uzbekistan-plans-to-base-future-cargo-fleet-in-turkmen-ports