29.05.26
Казакстандын Астана шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жумушчу сапарынын алкагында, Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы инвестиция жана соода тармагындагы макулдашууларды ишке ашыруу боюнча, практикалык аракеттер планын кол коюу аземи болуп өттү. Кол коюу эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда болуп өттү.
“Жол картасы” деп аталган документ үстүбүздөгү жылдын апрель–май айларында, Бухара жана Түркстан шаарларында өткөн президенттердин жолугушууларынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталган. План бир катар маанилүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнү карайт. Алардын катарына автоунаа куруу, энергетика, химия жана металлургия өнөр жайы, фармацевтика, логистика, курулуш материалдарын өндүрүү, турак жай курулушу, айыл чарбасы жана башка багыттар дагы кирет. Документти ишке ашыруу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мамлекеттер аралык диалогдун алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш.
https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-kazakhstan-utverdili-plan-investproektov/


