08.06.26
Тарыхый Улуу Жибек жолунун жүрөгү болгон Өзбекстан бай маданий мурасын ири инфраструктуралык инвестициялар менен айкалыштырып, туризм тармагын жаңы деңгээлге чыгарууда. Виза алуу жол-жоболорунун жөнөкөйлөштүрүлүшү жана транспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши менен өлкө акыркы алты жылда туристтердин санын дээрлик эки эсеге көбөйттү. Азыр Өзбекстан «төрт мезгилдүү туризм» стратегиясынын алкагында жыл сайын 15 миллион турист кабыл алууну максат кылууда.
Туристтердин саны боюнча рекорддук өсүш
Туризмди экономиканын стратегиялык багыттарынын бири катары караган Өзбекстан ачык саясаттын жемишин көрүүдө. 2019-жылы өлкөгө 6 миллион 748 миң чет элдик турист келген болсо, өткөн жылы бул көрсөткүч 46,8 пайызга өсүп, 11 миллион 700 миңге жетти.
Өсүү тенденциясы быйыл да уланууда. Жылдын алгачкы төрт айында өлкөгө келген туристтердин саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,9 пайызга көбөйүп, 4 миллион 48 миң 417 адамды түздү. Өзбекстанга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөрдүн катарында Түркия, Россия, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Афганистан жана Түркмөнстан бар. Адистер орто мөөнөттүү келечекте бул көрсөткүчтү 20 миллионго жеткирүүнү көздөшүүдө.
ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Самарканд, Бухара, Хива жана Шахрисабз шаарлары өлкөнүн туризм тармагынын негизги борборлору бойдон калууда. Бирок бийлик туристтик агымды жыл бою сактап калуу үчүн жаңы багыттарды өнүктүрүп жатат.
Бул алкакта Жиззак облусундагы Заамин туристтик аймагына жана Чарвакка ири инвестициялар тартылды. Деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан Зааминде 20дан ашык мейманкана, заманбап асма жолдор жана Борбор Азиядагы эң узун жөө адамдар көпүрөлөрүнүн бири курулуп, жазгы жана жайкы экотуризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Кышкы туризмдин жаңы борборлору: Амирсой жана Чимган
Өзбекстандын жыл бою туризмди өнүктүрүү стратегиясында кышкы спорттун да орду чоң. Ташкенттен 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Чимган жана 2019-жылы ачылган, аянты 900 гектарды түзгөн Амирсой лыжа борборлору заманбап трассалары жана инфраструктурасы менен миңдеген лыжа сүйүүчүлөрүн кабыл алууда.
Гиннесстин рекорддору жана гастрономия
Өлкөдө өткөрүлүүчү эл аралык фестивалдар да туризмге чоң салым кошууда. Быйыл 65-жолу уюштурулган Наманган эл аралык гүл фестивалынын алкагында шаар боюнча 150 миллион гүл отургузулуп, фестиваль «бир ай ичинде эң көп гүл отургузуу» номинациясы боюнча Гиннесстин рекорддор китебине кирди. 40 күнгө созулган фестивалга 50дөн ашуун өлкөдөн 1 миллиондон ашык туристтин келиши күтүлүүдө.
Мындан тышкары, өзбек палоосуна арналган гастрономиялык фестивалдар өлкөнүн ашканасын дүйнөгө таанытууда.
Поезд менен 24 сааттык жол 7 саатка чейин кыскарды
Транспорттук инфраструктуранын жаңыланышы саякат убактысын кыйла кыскартты. Ташкентти тарыхый шаарлар менен байланыштырган жогорку ылдамдыктагы темир жолдор туризмдин өнүгүшүнө чоң түрткү берди. Адистердин айтымында, мурда Ташкенттен Хивага поезд менен 24 саатта жетсе, азыр бул убакыт 7 саатка чейин кыскарды.
Тарыхый шаарларга аба каттамдарынын көбөйүшү жана электрондук виза системасынын жеңилдетилиши Өзбекстанды Борбор Азиядагы эң ылдам өнүгүп жаткан жана дүйнөлүк туризм рыногунда позициясын бекемдеп жаткан багыттардын бирине айландырууда.


