07.08.2026

Ташкент шаарында эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн жана ишкер чөйрөлөрүн бириктирген Казакстан-Өзбекстан бизнес-форуму болуп өттү.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл өнөр жай, энергетика, логистика жана агроөнөр жай комплексиндеги жаңы долбоорлорго бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары үчүн продукцияларды жеткирүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Документ эки өлкөнүн ишканаларынын ортосундагы өндүрүштүк кооперацияны мындан ары өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Улуттук ишкерлер палатасынын жетекчиси Казакстан менен Өзбекстандын биргелешкен инвестицияларга, заманбап өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө жана жогорку технологиялуу тармактарды өнүктүрүүгө негизделген экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы этабына өтүү үчүн бардык зарыл шарттарга ээ экенин белгиледи.

Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары туруктуу оң динамиканы көрсөтүүдө. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 16,2% пайызга өсүп, 4,8 млрд  долларга жетти. Ошол эле учурда Казакстандын экспорту 24,6% пайызга көбөйүп, 3,52 млрд долларды түздү.

Оң динамика 2026-жылы да сакталууда. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы беш айында өз ара сооданын көлөмү 2,3 млрд долларга жетип, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 37,2% пайызга өстү. Бүгүнкү күндө Өзбекстандын үлүшүнө Казакстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон соодасынын 55% пайыздан ашыгы туура келет. Бул эки мамлекеттин экономикаларынын жогорку деңгээлде бири-бирин толуктап турганын жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин көрсөтөт.

https://1tv.kz/ru/news/46158/