10.08.26
Өзбекстан 2030-жылга чейин жасалма интеллект (IT) тармагына 6 млрд доллардан ашык жеке инвестиция тартуу боюнча келишимдерге кол койду. Долбоорлордун алкагында жалпы кубаттуулугу 800 МВт болгон эсептөө инфраструктурасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Санариптик технологиялар министринин биринчи орун басары Олег Пекось «Өзбекстан 24» телеканалына берген маегинде билдирди.
Пекостун айтымында, инвестициялардын олуттуу бөлүгү жасалма интеллект үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат. Эсептөө кубаттуулуктарын өлкөнүн ар кайсы аймактарында этап-этабы менен түзүү пландалууда.
Учурда Өзбекстандагы иштеп жаткан эсептөө инфраструктурасынын жүктөмү 90 пайызга жакындады. Ноябрь айында кошумча кубаттуулуктарды ишке киргизүү пландалууда, ал эми 2026-жылдын аягына чейин дагы бир инфраструктуралык объект пайдаланууга берилет.
Пекось ошондой эле мамлекеттик органдар өсүп жаткан эсептөө кубаттуулуктарына болгон суроо-талапка ылайык, өздөрүнүн IT-инфраструктураларын даярдоону камсыз кылышы керектигин белгиледи.
Ошол эле учурда жасалма интеллект тармагындагы экспорттук багыт да кеңейүүдө. Эгерде 2024-жылы Ташкент шаарында жайгашкан IT Park технопаркынын резиденттеринин арасында экспорт менен алектенген 24 компания болсо, азыр алардын саны 160 жетти. Өзбекстандын санариптик технологиялар министринин биринчи орун басарынын айтымында, өлкөдө жасалма интеллект тармагында өндүрүлгөн продукциялар учурда дүйнөнүн 80 өлкөсүнө экспорттолууда.
https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-privlechet-6-mlrd-v-ii-do-2030-goda/


