23.08.26

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү аземине катышты. Демилгелер банк тармагын, курулуш материалдарын өндүрүүнү, билим берүүнү, туристтик жана турак жай инфраструктурасын, минералдык сырьёну кайра иштетүүнү жана багбанчылыкты камтыйт. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Аземдин жүрүшүндө акыркы жылдары Өзбекстан менен Азербайжандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери ырааттуу түрдө бекемделип жатканы белгиленди. Эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы да жаңы деңгээлге чыкты.

Иш-чаранын алкагында бир нече багыт боюнча долбоорлорду ишке ашырууга старт берилди. Алардын арасында банк тармагындагы кызматташтык, заманбап курулуш материалдарын өндүрүү жана билим берүү мекемелерин түзүү бар.

Мындан тышкары, биргелешкен демилгелер май куюучу жайлардын инфраструктурасын өнүктүрүүнү, ири туристтик жана турак жай комплекстерин курууну, минералдык сырьёну кайра иштетүүнү жана багбанчылыкты өнүктүрүүнү камтыйт.

Аземдин катышуучулары онлайн режиминде долбоорлор ишке ашырылып жаткан аймактардагы объектилер менен байланыш түзүштү. Бул объектилердин өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында жаңы долбоорлор Өзбекстан менен Азербайжандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, өз ара инвестициялардын өсүшүнө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болору белгиленди. Демилгелерди ишке ашыруу эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгына дагы да конкреттүү практикалык мазмун берүүгө багытталган.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-azerbaidzhan-zapustili-novye-sovmestnye-proekty/