02.09.26
Өзбекстандын Навои облусунун Нурата районунда кубаттуулугу 300 МВт болгон күн фотоэлектр станциясы (КЭС) жана кубаттуулугу 150 МВт болгон энергияны сактоо системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоордун жалпы наркы 390 млн долларды түздү. Ал Кытайдын China Energy Overseas Investment компаниясы менен кызматташтыкта ишке ашырылды. Долбоордун алкагында 30 туруктуу жумуш орду түзүлдү. Күн электр станциясы жылына 657 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө. Долбоордун демилгечилеринин баалоосуна ылайык, бул көлөм болжол менен 273 миң үй чарбасынын бир жылдык электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыз кылууга жетиштүү.
Объекттин ишке кириши менен жыл сайын 175 млн куб метр жаратылыш газын үнөмдөө күтүлүүдө. Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу атмосферага 377 миң тонна булгоочу заттардын чыгарылышын алдын алууга мүмкүндүк берет. Долбоор күн энергиясын өндүрүүнү энергияны топтоо системасы менен айкалыштырат. Бул кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууда электр менен камсыздоонун ийкемдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.


