22.09.2026

Өзбекстан Каспий деңизиндеги Түркмөнбашы, Актау жана Баку портторунда, ошондой эле Кара деңиздеги Поти жана Анаклия портторунда логистикалык инфраструктура түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, Поти портунда логистикалык борбор түзүү боюнча келишимге кол коюлуп, учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Мындан тышкары, Анаклия портун өнүктүрүүгө жана Түркиянын Самсун жана Стамбул портторуна чыгууну камсыздай турган Нахчыван темир жолун курууга катышуу мүмкүнчүлүктөрү изилденүүдө.

Маалыматка ылайык, бул долбоорлор текстиль, химия, айыл чарба жана тоо-металлургия тармактарында өндүрүлгөн продукцияларды тышкы рынокторго жеткирүү маршруттарын диверсификациялоого мүмкүндүк берет.

Билдирүүдө белгиленгендей, эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана деңиз порттору аркылуу дүйнөлүк рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен катар, Өзбекстан өлкө ичиндеги логистикалык борборлордун тармагын да кеңейтүүнү көздөөдө.

Ошондой эле Өзбекстанда 2030-жылга чейин транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, тармакка 9,1 миллиард доллар инвестиция тартуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун көлөмүн 5,7 миллиард долларга жеткирүү пландалууда.

https://business.com.tm/ru/post/16316/uzbekistan-planiruet-sozdat-logisticheskuyu-infrastrukturu-v-portah-turkmenbashi-aktau-baku