26.12.19
2019-жылдын январь-ноябрь айлары аралыгында, Өзбекстан жана Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү 14,1% пайызга жогорулап 5,8 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министирлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эки өлкө 2019-2024-жылдар аралыгында 25 миллиард долларга бааланган долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдөөдө. Өзбекстандын Тышкы иштери министрлигинен билдиргендей, 25-декабрь күнү Москва шаарында, Россия жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жолугушкан.
Жолугушуу учурунда, президент Шавкат Мирзиёевдин 2017-жылдын апрель айындагы, Россияга жасаган мамлекеттик сапары жана Россиянын президенти Владимир Путиндин, 2018-жылдын октябрь айында, Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышы каралды.
Ошондой эле, жолугушуу учурунда, 2019-2024-жылдарга каралган 25 миллиард долларлык соода-экономикалык жана инвестициялык эки тараптуу долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан.