21.01.20
Өзбекстан 2019-жылы чет өлкөлүк инвестициянын көлөмүн үч эсеге өстүргөн. Бул тууралуу, Өлкөнүн Инвестиция жана тышкы соода министирлигинен билдиришти.
Министирликтин билдиришинче, чет өлкөлүк инвестициянын жалпы көлөмү $13,3 миллиард доллар, анын ичинен түз инвестиция $9,3 миллиард доллар болсо, эл аралык финансылык институттардан келип түшкөн каражаттын көлөмү $4 миллиард долларга жеткен.
Негизги чет өлкөлүк инвесторлор Кытай, Россия жана Германия өлкөлөрү болушкан. Инвестиция жана тышкы соода министирлигинен билдиргендей, сырттан келген инвестициялардын үлүшү электротехника (%7,5 пайыз), металлургия (%4,6 пайыз), текстиль (%2,5 пайыз), тери бут кийим (%2,1 пайыз) нефти жана газ (%2 пайыз) тармактарына туура келген.
2020-жылы Өзбекстан Республикасы $7,1 миллиард доллар түз инвестиция тартууну пландап жатат.