04.07.20
Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген келишимдердин алкагында, Кыргызстанга Өзбекстандан кезектеги гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы салмагы 8 тонна болгон гуманитардык жүктөр, бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге ылайык аба каттамы аркылуу Бишкек шаарына жеткирилген.
Гуманитардык жардамдын ичинде, кычкылтектин мобилдик концентраттары (50 комплект) жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары (100 даана) дагы бар.
https://www.akchabar.kg/ru/news/v-kyrgyzstan-pribyl-gumanitarnyj-gruz-iz-uzbekistana/