29.09.20
Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада, Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүштү. Көрүшмө учурунда өкмөт башчылары, эки өкөнүн ортосундагы товар алмашууну жакынкы жылдары 1 миллиард долларга жеткирүү керек экендигин белгилешти. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Абдулла Арипов: “Азыркы учурдагы эки тараптуу товар алмашуу, биздин мамлекеттердин чыныгы потенциалына туура келбейт. Биз анын көлөмүн арттырышыбыз керек. Ал үчүн бизде баардык шарттар бар”-деп билдирди.
Өкмөт башчыларынын белгилөөсүндө, эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмү өсүп жатат. Тагыраак айтканда, акыркы үч жылда 2,4 % пайызга өсүш болгон. Пандемия шартына карабастан, эки тараптуу соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 4,3% пайызга өсүп 317 миллион долларды түзгөн.
Жолугушуу учурунда, мындан тышкары соода-экономикалык, транспорт-коммуникация, энергетика, маданий-гуманитардык, айыл чарба жана суу тармактарындагы кызматташтык боюнча дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.