02.12.20
Өзбекстанда жылына кубаттуулугу 500 миң тонна продукция өндүргөн металлургиялык заводдун, Ташкент шаарында 4-декабрь күнү ачылуусу пландалууда.
Заводдун курулушун, Өзбекстандын өкмөтү жана Россиялык “Метпром” инженердик курулуш компаниясы биргеликте ишке ашырган. Бул тууралуу, “ТАСС” маалымат агенттиги билдирди.
Металлургиялык заводдун курулушуна жалпысынан €325 миллион евро акча каражаты коротулган.
Заводдо өндүрүлгөн продукцияны Түркия, Иран, Афганистан, Азербайжан, Армения, Беларусия, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина, Латвия, Литва, Эстония өлкөлөрүнө экспортко чыгаруу мерчемделүүдө.