27.12.23

2023-жылдын январь-ноябрь айларында, Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 57,3 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, республиканын беш негизги өнөктөшү болуп төмөнкү өлкөлөр саналат:

  1. Кытай – 12,2 миллиард доллар;
  2. Россия – 8,8 миллиард доллар;
  3. Казакстан – 4 миллиард доллар;
  4. Түркия – 2,8 миллиард доллар;
  5. Корея – 2,1 миллиард доллар.

Алдынкы 10 өлкөгө төмөнкүлөр кирет:

  • Түркмөнстан – 970 миллион доллар;
  • Германия – 962 миллион доллар;
  • Кыргызстан – 878 миллион доллар;
  • Франция – 832 миллион доллар;
  • Афганистан – 784 миллион доллар.

https://economist.kg/ekonomika/2023/12/27/kyrghyzstan-voshiel-v-top-10-ghlavnykh-partnierov-vo-vnieshnietorghovom-oborotie-uzbiekistana/