01.06.24

Өзбекстандын Венгриядагы элчиси Ойбек Шахавдинов венгриялык “Meditop Pharmaceutical Ltd” фармацевтикалык компаниясынын башкаруучу директорлору жана негиздөөчүлөрү Дэвид Гресковиц жана Золтан Ач менен жолугушту. Ошондой эле компаниянын өндүрүш аянттарында жана илимий-өндүрүштүк лабораторияларында болуп, акыркы технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу  “Dunyo” маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Өзбекстандын инвестициялык жагымдуулугу, анын фармацевтика тармагындагы потенциалы, ошондой эле өлкөдөгү алдыңкы фармацевтикалык ишканалардын ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду. Айрыкча фармацевтика Өзбекстан жана Венгрия кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экени белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, “Meditop” компаниясы менен кызматташууну кеңейтүү перспективалары талкууланды. Анын өкүлдөрү компания, Өзбекстан менен кызматташуусун  ар тараптуу кеңейтүүгө жана  инновациялык дары-дармектерди чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну пландап жатышкандыгын баса белгилешти.

Ошондой эле Өзбекстанда “Meditop” компаниясы өндүргөн дары-дармектердин кеңири спектрин каттоо маселелери талкууланды. Венгриянын экономикасы үчүн фармацевтика тармагы салттуу жана инновациялык тармактардын бири болуп саналат. Өлкөдө  өндүрүлгөн дары-дармектин 90% пайызга жакыны экспорттолот. Венгрия фармацевтикалык продукцияларды экспорттоочу жана импорттоочу жыйырма ири өлкөнүн бири болуп саналат.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/86475