01.09.24

30-августта Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министринин орун басары Шохрух Гуламов менен Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаевдин жолугушуусу болуп өттү.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын август айында, Казакстанда президенттердин ортосунда жогорку деңгээлде  жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Атап айтканда, эки өлкөдө металлургия, электр жана химия өнөр жайы, энергетика, соода, айыл чарба, турак жай курулуш тармактарында жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун механизмдери жана мөөнөттөрү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты түзүү боюнча чараларды көрүү каралды. Өзбекстандын жана Казакстандын өнөр жай ишканаларынын абалы талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууну тездетүү максатында ведомстволор аралык тыгыз өз ара аракеттенүү пландары иштелип чыкты.

https://www.uzdaily.uz/ru/obsuzhdeny-voprosy-nalazhivaniia-sotrudnichestva-mezhdu-promyshlennymi-predpriiatiiami-uzbekistana-i-kazakhstana/