02.09.24
Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев эки өлкөнүн ишкер чөйрөсү менен жолугушуп, ири долбоорлорду ишке киргизишти. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага алдыңкы Азербайжандын компаниялары, инвестициялык холдингдери, “Азербайжан темир жолдору” компаниясы, “Алят” эркин экономикалык аймагынын жана башка компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Шавкат Мирзиёев Өзбекстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүүдө алардын маанилүү ролун өзгөчө белгиледи.
Өзбекстандын президенти учурдагы саммиттин жыйынтыгын канааттануу менен белгилеп келип: “Биз мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн эң жогорку деңгээлине жеттик жана чындыгында өзбек-азербайжан мамилелеринин жаңы барагын ачтык”, - деп билдирди. Ошондой эле президент сүйлөшүүлөрдүн негизги натыйжалары эки өлкөнүн бизнесине мындан да жагымдуу шарттарды түзүү жана ар тараптуу колдоо, анын ичинде тышкы рынокко биргелешип чыгуу боюнча макулдашуулар болгонун баса белгиледи.
Бир күн мурда өткөн бизнес-форумда 2 миллиард доллардан ашык суммага бааланган келишимдерге кол коюлган. Өзбекстандын лидери айрыкча, Өзбекстан менен Азербайжандын президенттери жарыялаган Экономикалык кызматташтык жылынын алкагындагы негизги милдеттерди ишке ашырууда бизнес негизги кыймылдаткычка айланып, чечүүчү роль ойношу керектигин баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда, Мирзиёев менен Алиев алдыда жасала турган кызматташтык долбоорлорунун ачылыш аземине катышты.
Алардын ичинде, Ташкентте мейманкана жана турак жай комплекстерин куруу, Кашкадарыя облусунда курулуш материалдарын чыгаруу заводунун курулушу, Азербайжанда текстиль кластерлерин түзүү, тигүү фабрикасы жана башка долбоорлор бар.
https://uz.sputniknews.ru/20240823/mirziyoyev-aliyev-zapusk-proyekty-45343033.html