05.09.24

4-сентябрда Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин жетекчилиги, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары  жана Түркиялык “MTA International Mining Inc.” (MTAIC) компаниясынын башкаруу кеңешинин төрөгасы Беррат Чөнкардын ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда, Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы тоо-кен жана жаратылыш ресурстары тармагындагы кызматташтыктын олуттуу өнүгүүсү белгиленди. “MTA International Mining Inc.” (MTAIC) компаниясынын өкүлдөрү чет мамлекеттерде иштөө тажрыйбасы менен бөлүшүп, ишмердүүлүгү тууралуу  маалымат беришти.

Көрүшмө учурунда, аталган компаниянын Өзбекстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүнүн перспективалары, анын ичинде 2019-жылы өлкөнүн минералдык ресурстарын изилдөө жана чалгындоо үчүн түзүлгөн “MTA Tashkent Mining Company” компаниясын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында, Түркиянын компаниясы тоо-кен тармагында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарын берди. Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин жетекчилиги кызматташуунун бардык түрлөрүн колдоорун билдирди жана сунушталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү пландар боюнча макулдашууга жетишилди.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-turtsiia-obsudili-sotrudnichestvo-v-gornodobyvaiushchei-promyshlennosti/