10.09.24
Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бул максатка жетүү боюнча иш багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу, Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү максаты 2024-жылдын июль айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында белгилүү болуп, президент Шавкат Мирзиёев менен экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү тууралуу макулдашышкан.
Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын Айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын, анын ичинде сүт, бал, балык, жүгөрү, картошка жана эт азыктарын экспорттоо маселеси талкууланды. Кыргызстандын картошкасы Андижан, Карши жана Фергана базарларында эркин сатылып, башка товарларды дагы чоң көлөмдө экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.