15.09.24

Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министринин орун басары Акрам Алиев Түркиянын “BALKANSIAD” ассоциациясынын төрагасы Фатих Шариф баштаган түрк ишкерлеринин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Көрүшмөгө Түркиянын алдыңкы 18 фирмаларынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда саламаттыкты сактоо, инфраструктураны өнүктүрүү, металлургия жана машина куруу сыяктуу тармактарда кызматташуунун келечеги талкууланды.

Долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, Түркиянын компанияларын тартууга өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде суу тазалоочу курулмаларды куруу, автоматтык айнек эшиктерди, тиш имплантаттарын жана эмерек өнөр жайы үчүн жабдууларды чыгаруу боюнча маселелер каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн форматы жана долбоорду ишке ашыруунун этаптары аныкталды.

Эки тарап тең бул пландар, Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө кызмат кылып, эки өлкөгө тең пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө салым кошоруна ишеним билдиришти.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-i-turtsiia-obsudili-perspektivy-sotrudnichestva/