27.09.24
Өзбекстан октябрь айында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол коридорунун өзүнө тиешелүү бөлүгүн курууну баштоону көздөп жатат. Бул тууралуу, Өзбекстандын Транспорт министринин орун басары Жасурбек Чориев, Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын (АБИИ) башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга катар эле Өзбекстан Афганистан менен биргеликте өзүнүн Термез шаарынан Пакистандын Пешавар шаарына чейинки “Транс-афган” коридорун каржылоо боюнча келишимдерди аяктап, анын курулушун баштоону пландоодо.
Жасурбек Чориев: “Борбордук Азия аркылуу өтүүчү жол соода-экономикалык мамилелерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Логистика маселеси Өзбекстан үчүн өтө маанилүү. Экономикада, туризмде жана инвестицияда мындай өсүш менен логистика эң кымбат элемент бойдон калууда”,- деп билдирди.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол коридорун ишке ашыруу үчүн долбоордук компания түзүлдү.
Өзбекстандын анын уставдык капиталындагы үлүшү, республиканын президентинин жарлыгына ылайык $225 миллион долларды түзөт. Ал эми транспорт коридорунун жалпы баасы 8 миллиард долларга бааланып, анын узундугу 450 чакырымдан ашат. Белгилүү болгондой, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу Кашкар, Торугарт, Макмал, Жалал-Абад жана Анжиян аркылуу өтөт.
Эксперттер бул каттам боюнча жүк ташуунун жылдык көлөмү 15 миллион тоннага жетип, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтү жети күнгө кыскарат деп болжолдошууда.