01.10.24
30-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы баасы 12 миллиард долларды түзгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Маек учурунда тараптар, Дүйнөлүк банк менен кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин, ошондой эле эл аралык каржы институтунун катышуусу менен Өзбекстанда учурда ишке ашырылып жаткан реформаларды колдоону талкуулашты.
Мирзиёев менен Бассани эки тараптуу кызматташтыктын ийгиликтүү жыйынтыгын баса белгилеп, акыркы жылдарда биргелешкен долбоорлордун портфели 12 миллиард доллардан ашканын белгилешти.
Жакырчылыкка каршы күрөшүү, мамлекеттик ишканаларды жана финансы институттарын трансформациялоо, декарбонизациялоо, ошондой эле Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) кошулуу процессине колдоо көрсөтүү өнөктөштүктү андан ары кеңейтүүнүн артыкчылыктуу багыттары катары белгиленди.
Жыйында урбанизация долбоорлоруна, аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана ирригациялык инфраструктураны модернизациялоого жана жеке секторду колдоого өзгөчө басым жасалды.