14.10.24
Өзбекстандын Энергетика министрлигинде 12-октябрь күнү Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлеринин жумушчу жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага, Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов, Өзбекстандын Суу чарба министри Шавкат Хамраев, Казакстандын Энергетика министри Алмасадам Саткалиев, Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов, Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана башка жооптуу адамдар катышты. Жолугушуунун коногу Азербайжандын Энергетика министринин орун басары Камил Аббасов болду.
Күн тартибиндеги негизги маселе мамлекеттердин суу-энергетикалык тутумдарынын алдыдагы күз-кыш мезгилиндеги стабилдүү иштешин талкуулоо, тагыраагы энергетикалык тармактардын иштөө графиктерин координациялоо болду.
Биргелешкен долбоорлор, анын ичинде “Камбар-Ата ГЭС-1” курулушунун учурдагы абалы, ошондой эле суу-энергетикалык баланс маселелери каралды.
Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы Чаткал дарыясына ГЭС куруу долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулуп, ага кытайлык “CEEC” компаниясынын адистери тартылган.
Жыйындын соңунда, катышуучулар жумушчу топтордун жолугушууларын үзгүлтүксүз уюштурууну жана долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу үчүн “жол картасына” кол коюуну сунушташты. Суу-энергетика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган тиешелүү документтерге кол коюлду.