15.10.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 14-октябрда Ташкент облусунда 2 миллиард долларлык 9 инвестициялык долбоорду ишке киргизди. Алардын арасында технопарк, текстилдик өнөр жай паркы, төрт ГЭС, эки энергия сактоочу система жана күн электр станциясы бар. Бул тууралуу, “Spot” басылмасы Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Өзбекстандын Букин районунда кытайлык “Чайна Датанг” компаниясы менен биргеликте 240 миллион долларлык күн электр станциясын куруп, жылына 576 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгып, 240 миң үйдү электр менен камсыздайт. Келечекте Ташкент облусунун генерациялык кубаттуулугу  6,5 (ГВт) жеткирилип, электр энергиясын өндүрүү жылына 24 миллиард (кВт) саатка чейин көбөйөт.

Ошондой эле Паркент жана Пскент райондорунда 220 миллион долларга 200 (МВт) кубаттуулуктагы энергия сактоо системалары курулат.

Мындан тышкары, 880 миллион долларлык 340 (МВт) кубаттуулуктагы ГЭСтер курулмакчы. 2028-жылга чейин Ташкент облусунда жалпы кубаттуулугу болжол менен 2,4 (ГВт) болгон 4,8 миллиард долларга 23 долбоорлор ишке ашырылат.

https://qazaqgreen.com/news/central-asia/2334/