21.10.24

Өзбекстандык вентиляция жана кондиционер өнөр жай жабдууларын өндүргөн “Jihozvent” компаниясы, Түркмөнстандын рыногуна кирүүнү пландап жатканын жекшембиде компаниянын башкы эл аралык соода адиси Шерзод Саидов билдирди. Бул тууралуу, “Trend” маалымат агенттиги  билдирди.

Шерзод Саидов белгилегендей, компания жаңы рынокторго чыгуу үчүн эл аралык көргөзмөлөргө активдүү катышып келет.

Шерзод Саидов: “Жакында биз Казакстан менен Тажикстандагы көргөзмөлөргө катыштык, алдыда дагы эки көргөзмөнү пландаштырып жатабыз. Алардын биринчиси Азербайжанда андан кийин дароо Түркмөнстанда болот. Биз алардын рыногуна да кирүүнү көздөп жатабыз. Кошумчалай кетсек, жыл аягына чейин Дубайдагы көргөзмөгө катышууну пландап жатабыз, ал жерде биздин стенддер толук даяр. Жалпысынан биз ишибизге инновация киргизип, Европа менен Борбордук Азиянын рыногуна чыккыбыз келет”, - деп белгилеп өттү.

Эскерте кетсек “Jihozvent” компаниясы вентиляция жана кондиционер системалары үчүн өнөр жай жабдууларын чыгарууга адистешкен Өзбекстандын компаниясы. 2002-жылы негизделген, ал Өзбекстан рыногунда 20 жылдан ашуун ийгиликтүү иш алып барат. Компанияда 400 ашык кызматкер иштейт жана анын өндүрүштүк жайлары 4 гектардан ашык аянтты ээлейт.

https://business.com.tm/ru/post/12565/uzbekistans-jihozvent-plans-to-enter-turkmen-market