21.10.24
2024-жылдын башынан бери, Өзбекстандын күн жана шамал электр станциялары 4 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүргөнүн өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.
Учурда Өзбекстанда жалпы кубаттуулугу 2,7 ГВт болгон 9 күн фотоэлектр станциясы жана 7 аймакта жайгашкан, экологиялык жактан таза “жашыл” энергияны өндүргөн бир шамал электр станциясы бар.
Аларды ичинен күн электр станциялары 3 миллиард 493,6 миллион кВт/саат, энергия жана шамал электр станциялары 506,4 миллион кВт/саат жашыл энергия өндүргөн.
Бул электр станциялары 2024-жылдын 31-майына карата 1 миллиард кВт/саат, биринчи жарым жылдыкта 1,6 миллиард кВт/саат, 17-июлга карата 2 миллиард кВт/саат, 2024-жылдын 30-августуна чейин 3 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүргөн.
Жалпы өндүрүш 1,2 миллиард кубометр жаратылыш газын үнөмдөөгө жана 1 миллион 680 миң тонна зыяндуу газдардын атмосферага чыгышына жол бербөөгө мүмкүндүк берди. Мындай көлөмдөгү электр энергиясы социалдык нормада 10 ай боюу 2 миллион кожолук үйлөрдү жана бир жылда 1 миллион 666 миң үйлөрдү энергия менен камсыз кылганга жетет.
Белгилей кетсек, Навои жана Самарканд облустарындагы күн фотоэлектр станциялары 2022-жылы 434 миллион кВт/саат, 2023-жылы 576,9 миллион кВт саат электр энергиясын өндүргөн.
Статистика агенттигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын тогуз айында 60,31 миллиард кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,32% пайызга көпттүк кылат.