22.10.24
Өзбекстандын Зангиата облусунда “Technologies of real time” Өзбекстан-Сингапур ишканасы BYD, Chery, Changan, Geely жана Dongfeng сыяктуу ири автоунаа бренддерине тетиктерди чыгара баштайт. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат кызматы билдирди.
1,15 миллион долларлык инвестициялык долбоорду 2025-жылга чейин аягына чыгаруу пландалууда. Бул долбоордун алкагында 43 жаңы жумушчу орун түзүлүп, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 180 миңден 280 миң даанага тетиктерди өндүрөт. Бул демилгелер, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Ташкент облусуна жасаган иш сапарынын алкагында сунушталды деп жазат басылма.
Белгилүү болгондой, акыркы жылдары Өзбекстанда автоунаа өндүрүшү дээрлик үч эсеге өскөн. 2024-жылдын аягына чейин 460 миң автоунаа чыгаруу күтүлүүдө, ал эми 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 1 миллионго жеткирүү пландалууда.