23.10.24
Өзбекстанда 2024-жылдын аягына чейин 2017-жылдан бери тартылган чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 100 миллиард доллардан ашат деп күтүлүүдө. Мындай божомол президент Шавкат Мирзиёев жетектеген Локализация, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана экономикага чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өткөрүлгөн жыйында айтылды. Бул тууралуу, президенттин маалымат кызматы билдирди.
Акыркы жети жылда республикага 78 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган, анын 23,66 миллиарды 2024-жылдын тогуз айында келген. Бул мезгилде 4,6 миллиард долларга 120 ири өндүрүш объектилери ишке киргизилген.
Бийлик инвестициялык активдүүлүктүн азыркы темпин сактап калууга ниеттенүүдө. Учурда ар кандай тармактарда жалпы баасы 140 миллиард долларды түзгөн 366 ири долбоор ишке ашырылууда. Бул инвестициялык демилгелердин алкагында жыл сайын 15 миллиард долларлык жабдуулар, чийки заттар жана курулуш материалдары импорттолот. Өзгөчө энергетика жана тоо-кен тармагында жергиликтүү продукциянын үлүшүн көбөйтүүгө басым жасалууда.
Энергетика тармагын өнүктүрүүнүн алкагында 2030-жылга чейин жалпы суммасы 36 миллиард долларды түзгөн 164 объектти куруу пландаштырылууда, анын 88 мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында түзүлөт.
Тоо-кен тармагында жергиликтүү ишканалар менен ири заводдордун кызматташуусун камтыган 1,23 миллиард долларлык программа демилгеленген. Автоунаа өнөр жайынын да олуттуу потенциалы бар, кошуна өлкөлөр авто тетиктерге жыл сайын 1 миллиард долларлык суроо-талапка муктаждыктары бар.