12.11.24

Өзбекстан Каспий деңизинин аркылуу товар экспортун кеңейтүүнү пландап, контейнердик ташууларды активдүү өнүктүрүп жатат. Бул тууралуу, “Дунё” агенттиги билдирди.

Өзбекстандын делегациясы  7-ноябрда  Казакстандын “Актау деңиз соода порту” Улуттук компаниясынын  өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушууда тараптар “Актау” портунун учурдагы мүмкүнчүлүктөрүн, анын техникалык жабдылышын жана өзбекстандын экспортунун  келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана келечектүү биргелешкен долбоорлорду баштоого багытталган макулдашууга кол коюлду.

Казактанда жайгашкан “Актау” портунун инфраструктурасын кеңейтип, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, контейнердик жана транзиттик ташууларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Порт Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун алкагында негизги ролду ойнойт жана Казакстан менен Закавказье өлкөлөрү аркылуу Өзбекстандын товарларын эл аралык рынокторго жеткирүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

2024-жылдын аягына чейин “Актау” порту аркылуу транзиттик агымдын көлөмү 5 миллион тоннадан ашыруу күтүлүүдө жана бул көрсөткүчтөрдү мындан ары да жогорулатуу пландары бар.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekistan-rasshirit-eksport-tovarov-cherez-port-aktau/