12.11.24
Өзбекстандын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) “Masdar” компаниясынын өкүлү, Өзбекстанда шамал электр станциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу келишимине кол коюшту. Электр станциянын кубаттуулугу 1000 (МВт) болот. Ал Навои облусунун Учкудук районунда курулат. Бул тууралуу, Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы электр станциясы 800 чейин жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Долбоор жылына 3,5 миллиард кВт⋅саат электр энергиясын өндүрүүгө шарт түзөт деп күтүлүүдө. Бул 1 миллиард кубометр жаратылыш газын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Экономикалык пайдасынан тышкары, долбоор экологияны коргоо жагынан да маанилүү салым кошот. Атмосферага бөлүнүүчү зыяндуу газ жылына 1,4 миллион тонна азаят. Бул жаңы долбоор, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен кызматташуунун кезектеги жаңы этабы болуп саналат. Келишимге кол коюу иш чарасы, учурда Бакуда өтүп жаткан COP-29 конференциясынын алкагында ишке ашты.