20.11.24
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруучу палатасынын депутаттарынын алдында сүйлөп жатып, акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн негизги жетишкендиктерин белгилеп өттү.
Мамлекет башчысынын айтымында, бул аралыкта Өзбекстандын экономикасы эки эсеге өсүп, ички дүң өнүмдүн (ИДП) тарыхый $100 миллиард чекитин басып өттү. Анын болжолунда, жан башына чаккандагы киреше 2024-жылы $3 миң долларга жетет, ал эми 2018-жылы бул көрсөткүч болгону $1,6 миң долларды түзгөн.
Президент өзгөчө экономикалык өсүштүн жогорку динамикасына токтолуп: “Дүйнөлүк банк 2024-жылы Өзбекстанды Европанын жана Борбордук Азиянын эң тез өнүгүп жаткан үч өлкөсүнүн бири катары тааныды”, - деп белгилеп өттү.
Президенттин маалыматы боюнча, акыркы төрт жыл ичинде өлкөдөгү жакырчылык деңгээли 23% пайыздан 11% пайызга чейин кыскарган, ал эми быйылкы жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 9% пайызга чейин түшөрү күтүлүүдө. Экспорт дээрлик эки эсеге өсүп, биринчи жолу $25 миллиард доллардан ашты, ал эми өлкөнүн алтын-валюта резервдери $40 миллиард долларга жетти.
Мындан тышкары, чет элдик инвестициялардын көлөмү алты эсеге көбөйүп, 1,5 миллион жогорку кирешелүү жумуш орундарын түзүүгө шарт түздү. Ички дүң өнүмдөгү инвестициялардын үлүшү 30% пайызды түздү.
https://economist.kg/ekonomika/2024/11/20/vvp-uzbiekistana-dostigh-100-mlrd-mirziieiev