27.11.24
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн саламаттык сактоо системасын кеңири масштабда өзгөртүүгө көмөктөшүү үчүн Түркиялык эксперттердин тобун чакырган.
Эксперттер жети негизги багыт боюнча иштеп жатышат:
- Баштапкы медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу,
- Медициналык камсыздандырууну жана санариптештирүүнү киргизүү,
- Оорукана системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу,
- Медициналык кызматтарды пландоо,
- Фармацевтиканы жана дары-дармек менен камсыздоону өнүктүрүү,
- Медициналык жабдууларды колдонууда натыйжалуулукту жогорулатуу,
- Ыкчам медициналык жардамды өркүндөтүү.
Келген эксперттик топту, Түркиянын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча чоң тажрыйбага ээ доктор Хасан Чагил жетектейт.
Доктор Чагил жана башка чакырылган эксперттер (Мехмет Угурлу, Талган Күчүк, Мухаммет Өрнек, Мехмет Эрсой, Хасан Багжы жана Мехмут Авжы) Өзбекстандын ар түрдүү деңгээлдеги медициналык мекемелерин изилдеп, алардын өнүгүүсү боюнча сунуштарды иштеп чыгышууда.
Эксперттердин ишинин натыйжалары, Өзбекстандын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча кыска, орто жана узак мөөнөттүү пландарды иштеп чыгууга негиз болот.