06.12.2024

Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери 6-декабрда  телефондук  сүйлөшүү учурунда, энергетика жана транспорт тармактарындагы ири аймактык инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Үстүбүздөгү декабрь айында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулуш долбоорунун ишке кириши пландалууда деп билдирет Өзбекстан президентинин маалымат кызматы.

Сүйлөшүү учурунда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктады.

Эки өлкөнүн лидерлери достук, коңшулук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана чыңдоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчылары эки тараптуу соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктын өнүгүшүндөгү динамиканын өсүп жаткандыгын канааттануу менен белгилешти.

Жыл башынан бери товар жүгүртүүнүн көлөмү 700 миллион доллардан ашты. Биргелешкен инвестициялык фонд ийгиликтүү иштеп жатат, ал эми машина куруу, энергетика, электротехника, текстиль, агрардык жана башка тармактарда кызматташуу долбоорлору ишке ашырылууда. Өлкөлөрдүн аймактар аралык байланыштары, ишкердик карым-катнаштары жана маданий алмашуусу жанданды.

Ошондой эле Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашып, алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин талкуулашты.

https://aktualno.uz/ru/a/14448-v-dekabre-namecen-zapusk-proekta-stroitelstva-zeleznoi-dorogi-kitai-kyrgyzstan-uzbekistan