06.12.24

Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Даврон Вахабов   6-декабрт күнү, Түркиянын алдынкы компаниялары “Güral Porselen” жана “Porland Porselen” өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

“Güral Porselen” – 1989-жылы негизделген компания, салттуу кол өнөрчүлүк ыкмаларын заманбап технологиялар менен айкалыштырып, Түркиядагы фарфор идиштерин өндүрүүдө алдыңкы орунда турат.

“Porland Porselen” – 1976-жылы негизделген компания, жыл сайын 70 миллион даана продукция чыгарат жана өз продукциясын дүйнөнүн 40 ашуун өлкөсүнө экспорттоп, Түркиянын фарфор рыногунда лидерлик позицияны ээлейт.

Жолугушууда фарфор өндүрүү тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечеги талкууланып, өндүрүштү жергиликтештирүү, алдыңкы технологиялар менен алмашуу, ошондой эле ички жана эл аралык рыноктор үчүн продукциянын ассортиментин кеңейтүү маселелерине басым жасалды.

Түркия компанияларынын делегациясы, Өзбекстандын сырьё кендери менен таанышып, жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрдү. Бул биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү терең изилдөөгө шарт түздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, жетишилген макулдашуулар фарфор продукциясын өндүрүүнү өнүктүрүүгө жана жергиликтүү товарлардын дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бекем негиз болот.

https://www.uzdaily.uz/ru/ukrepliaetsia-sotrudnichestvo-s-vedushchimi-proizvoditeliami-farfora-iz-turtsii/