14.12.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркиянын “Aksa Enerji”  компаниясынын  төрагасы Жемил Казанджи менен энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрдү.

Өзбекстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, тараптар компаниянын Өзбекстандын энергетика секторун кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча пландарын карап чыгышты. Президент Мирзиёев компаниянын ийгиликтерин, анын ичинде Ташкент жана Бухара облустарында жалпы кубаттуулугу 740 мегаватт болгон электр станцияларын куруу боюнча жетишкендиктерин жогору баалады.

Кашкадарыя облусунун Нишан районунда 400 мегаватттык жаңы электр станциясынын ишке киргизилгендиги белгиленди. Бул долбоор эки өлкөнүн энергетикалык кызматташтыгынын маанилүү этабы болуп саналат.

Жолугушууда “жашыл” энергетика тармагындагы келечектүү багыттар талкууланды. Аларга, газ бөлүштүрүү тутумдарын модернизациялоо, биогаз станцияларын куруу жана өнөр жай зоналарын туруктуу энергия менен камсыз кылуу иштерин камтыйт. Бардык демилгелер эки тараптуу “жол картасынын” алкагында макулдашылган.

https://www.trtrussian.com/novosti/uzbekistan-i-turciya-usilivayut-energopartnerstvo-18243455