18.12.24

2024-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин, Өзбекстанга 2 миллион 123,3 миң кыргызстандык жарандар зыярат кылган. Бул көрсөткүч өткөн айга салыштырмалуу 244,8 миң адамга көп экенин, Өзбекстандын президентинин алдындагы Статистика агенттиги билдирди.

Акыркы 10 айлык маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан Өзбекстанга туристтик максатта барган жарандардын саны боюнча, Тажикстандан кийинки экинчи орунга чыккан. Ал эми ноябрь айында, Өзбекстанга барган кыргызстандык туристердин  саны тажикстандык жарандарга караганда 200 адамга көп болгон. Белгиленген мезгил ичинде, Өзбекстанга жалпы 7 миллион 288,3 миң турист келген.

www.tazabek.kg/news:2207676?f=cp