18.12.24
Ташкент облусунда “Sea Breeze Uzbekistan” аттуу ири эл аралык туристтик борбор куруу пландалууда. Президент Шавкат Мирзиёевге тааныштырылган бул долбоор Чарвак суу сактагычынын жээгинде Азербайжандык ишкер Эмин Агаларов баштаган инвесторлор тобу тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жаңы борбор жыл бою иштей турган туристтик хаб болуп, эс алуу зоналары, спорт объектилери, мейманканалар, турак-жай комплекстери жана соода аянтчаларын камтыган өнүккөн инфраструктурага ээ болот.
Бул долбоор акыркы беш жыл ичинде 13 миң орунду камтыган 59 объект курулуп, 2 триллион сумдан ашык инвестиция тартылган райондун учурдагы туристтик инфраструктурасын толуктайт.
Президенттин тапшырмасы менен бул долбоорду ишке ашырууда укуктук жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүү үчүн премьер-министр жетектеген атайын комиссия түзүлүүдө. Бул долбоор алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен ишке ашырылат.
https://centralasia.news/31644-mezhdunarodnyj-turisticheskij-centr-pojavitsja-v-uzbekistane.html