19.12.24
Ташкент облусунда инновациялык фармацевтика кластерин түзүү боюнча ири долбоор ишке ашырылууда. 18-декабрда президент Шавкат Мирзиёев 2020-жылы башталган курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу, Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Долбоорго 20 гектарлык илимий-изилдөө инфраструктурасы бар технопарк жана 190 гектарды ээлеген өндүрүш аймагы кирет. Аяктаган административдик борбордо кластердин негизги бөлүмдөрү, анын ичинде тармакты өнүктүрүү агенттиги жана бизнес-инкубатор жайгашкан.
Өндүрүш аймагында жалпы наркы 818 миллион долларды түзгөн 21 долбоор ишке ашырылып жатат, аларга алты өлкөдөн келген инвесторлор катышууда. Учурда 40 миллион долларга бааланган логистикалык борбор иштеп жатат, дагы 620 миллион долларлык 20 долбоорду ишке киргизүү пландалууда.
Кластердин маанилүү бөлүгү, Фармацевтикалык техникалык университет болуп, анда заманбап лабораториялар жана эл аралык программалар боюнча адистерди даярдоо үчүн инфраструктура болот. Долбоор 8000 жумуш орунун түзүүгө жана өлкөнүн фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүүгө шарт түзөт.