09.01.25

Өзбекстандын Башкы консулдугунун көмөгү менен Өзбекстандын гигиеналык товарларын өндүргөн ишкананын экспорт менеджери Зикриёхон Маъмуров жана Кыргызстандын “Датка Холдинг” компаниясынын вице-президенти Дилноза Тавалдиеванын жолугушуусу, Кокон эркин экономикалык зонасында өттү. Жолугушуунун максаты өзбек продукцияларын Кыргызстанга экспорттоо маселелерин талкуулоо болду.

Зикриёхон Маъмуров өз ишканасынын продукцияларын тааныштырып, алардын жогорку сапатын жана өзбек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн белгиледи. Ал сатуунун көлөмүн кеңейтүүгө жана кыргыз рыногуна чыгууга кызыктар экенин билдирди.

Дилноза Тавалдиева өз кезегинде, Кыргызстандын рыногунун өзгөчөлүктөрү, мыйзамдары, салык салуу системасы жана чет элдик инвесторлор үчүн каралган жеңилдиктер тууралуу маалымат берди. Тараптар өзбек компаниясынын Кыргызстанда филиал ачуу мүмкүнчүлүгүн, Ош, Жалал-Абад, Өзгөн жана Кызыл-Кыя шаарларында соода түйүндөрүн түзүү, ошондой эле кампа жайларын ижарага алуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстандын “Датка Холдинг” компаниясы тарабынан өзбек ишканасын каттоо жана анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө практикалык жардам көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул окуя Өзбекстан менен Кыргызстандын бизнес жана экспорт жаатындагы кызматташтыгынын өсүп жатканын тастыктайт.

https://www.uzdaily.uz/ru/uzbekskaia-kompaniia-planiruet-eksport-gigienicheskikh-izdelii-v-kyrgyzstan