15.01.25

Өзбекстандын Транспорт министрлиги эл аралык транзиттик маршруттарды өнүктүрүү жана Түркмөнстан аркылуу жаңы коридорлорду түзүү пландарын жарыялады. Бул тууралуу, шейшемби күнү “Türkmenawtoulaglary” агенттиги билдирди.

Транспорт министри Илхом Махкамовдун айтымында, негизги багыттар “Түркмөнстан – Иран – Түркия – ЕБ” (Европа Биримдиги) жана “Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Европа” маршруттары болот.

Бул коридорлор, өлкөнүн тышкы соода операцияларынын туруктуулугун камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Алардын ишке ашырылышы үчүн Өзбекстан автомобиль транспорту тармагында Бельгия, Норвегия, Хорватия жана башка мамлекеттер менен жаңы эл аралык келишимдерди түзүүнү, ошондой эле Кытай, Иран, Беларус жана башка бир катар өлкөлөр менен буга чейин түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгууну пландап жатат.

Мындан тышкары, логистиканы жакшыртуунун алкагында бажы процедураларын жөнөкөйлөтүп, жүктөрдүн агымын тездетүү үчүн “жашыл коридорлорду” киргизүү каралууда. Стратегиянын маанилүү бөлүгү катары мамлекеттер ортосунда транспорттук документтерди өз ара таануу пландалууда.

Буга чейин, Өзбекстандын өкмөтү чет элдик жүк ташуучу унаалардын өлкөгө кирүү үчүн төлөмдөрүнүн жаңы тарифтерин бекиткен.

https://business.com.tm/ru/post/12963/turkmenistan-to-become-transit-hub-for-uzbekistan-routes-to-europe