17.01.25
Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу өзбек адистери 2026-жылы Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) менен биргеликте орбитага жөнөтүлө турган спутникти жасоого катышат.
“Өзбеккосмос” бөлүмүнүн башчысы Мухиддин Ибрагимов маалымдагандай, Өзбекстан Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) менен биргеликте спутникти ишке киргизүүгө катышат. Өзбекстандын адистери технологиялардын бир бөлүгүн иштеп чыгып, аппаратка интеграциялашат.
Мухиддин Ибрагимов: “Бул спутник толугу менен Өзбекстанда курулбайт, бирок биздин адистер анын жаралышына активдүү катышууда. Космосту көзөмөлдөө инфраструктурасында олуттуу жылыштарга жетиштик”, - деп белгилеп өттү.
Эл аралык кызматташтыктан тышкары, Өзбекстан өзүнүн долбоорлорун да өнүктүрүүдө. “Өзбеккосмос” бөлүмүнүн жетекчиси Исмоил Расулов Япониянын Кюсю технологиялык институту менен келишим түзүлгөнүн билдирди. 2025-жылы Өзбекстандык жети команда өзүнүн алгачкы спутниктерин иштеп чыгып, чогултууга киришет.
Өзбекстанда спутник учуруу идеясы 2018-жылы пайда болгон. Бир нече жылдан кийин гана бул долбоор “Өзбеккосмос” башкаруусуна өтүп, анын мүмкүнчүлүктөрү изилденип, так планы түзүлгөн.
Өзбекстан космос технологияларын өнүктүрүү гана эмес, өз адистерин даярдоону да максат кылууда. Бул долбоор өлкө үчүн космосту өздөштүрүү жолунда маанилүү этап болуп калмакчы.
https://podrobno.uz/cat/obchestvo/uzbekistan-gotovitsya-k-zapusku-sputnika-v-2026-godu/