17.01.25

Өзбекстан 2024-жылы инвестицияларды тартуу жана экспорттун көлөмүн өстүрүү боюнча жасалган иштердин жыйынтыгы, президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында каралды. Бул тууралуу, өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүп жатканы баса белгиленди. Буга Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан ачык саясат жана капиталды активдүү тартуу себеп болду. 2024-жылы өлкөнүн ички дүң продуктусунун (ИДП) 115 миллиард долларга жетип, 6,5% пайыз өсүштү камсыз кылды. Ошондой эле чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,6 эсеге өсүп, 35 миллиард долларга жетти.

Республиканын аймагында жалпы баасы 10 миллиард долларга 242 ири жана орто долбоорлор ишке киргизилди. Мындан тышкары, экспорттун көлөмү алгачкы жолу 27 миллиард долларды түзгөнү белгиленди. Презиндент бул багытта иштерди улантуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

https://centralasia.news/32010-obem-inostrannyh-investicij-v-uzbekistan-v-2024-godu-sostavil-35-mlrd-dollarov.html