24.01.25
Кыргызстан менен Өзбекстан химиялык чийки заттарды жана даяр продукцияларды өндүрүү тармагында өзбекстандык жана кыргызстандык өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.
Бул макулдашуу 23-январда Өзбекстандын Ангрен шаарында, Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн “Merit Chemicals” компаниясынын өндүрүш процесси менен таанышуу учурунда жетишилди.
“Merit Chemicals” химиялык чийки заттарды жана даяр продукцияларды өндүрүүгө адистешкен, алар ар кандай өнөр жай тармактарында колдонулат. Негизги продукция түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- полиэфир майлары жана полиэфир чайыры (ванналар, канализация түтүктөрү, сугаруу системалары, автоунаа тетиктери жана башка буюмдарды өндүрүүдө колдонулат);
- акрил жана акрил чайыры (лак-бояк жана текстиль тармактарында суу өткөрбөөчү эффектти жаратуу үчүн колдонулат);
- агартуучу чопо (өсүмдүк майларын фильтрациялоодо кеңири колдонулат).
Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү “Merit Chemicals” менен кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу долбоорун баштоо боюнча демилге көтөрдү. Өзбекстандын компаниясынын жетекчилиги кызматташууга даяр экенин билдирип, бул Кыргызстандын өндүрүшүнө заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле “Merit Chemicals” компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын рыногуна кызыгуу билдирип, өлкөдө филиал же өкүлчүлүк ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды талкууну улантууну макулдашышты.