01.02.25
“Узчармсаноат” Ассоциациясы эки ири Түркиялык брендер “Jeune Pierre” жана “Gelibolu Taban” менен кызматташууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын баштады. Жолугушууда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду уюштуруу жана өзбекстандык ишканалары менен аутсорсингдин негизинде кызматташуу маселеси талкууланды.
“Jeune Pierre” бренди эркектердин жана спорттук бут кийимдерди өндүрөт. Негизинен товарларын Европа жана Араб өлкөлөрүнө экспорттойт. Ошол эле учурда аталган компания өзүнүн өндүрүштүк ишкансын Өзбекстанга көчүрүүнү пландоодо. Тактап айтканда, спорттук бут кийимдердин үстүнкү бөлүгүн кеңейтүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Ал үчүн Өзбекстандын ишканалары менен апрель айында сүйлөшүүлөр башталат.
“Gelibolu Taban” бренди дагы, Өзбекстанда комплекстүү бут кийим моделдерин чыгаруу боюнча жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатат. Алар өндүргөн бут кийимдер негизинен Европага жана Орусияга экспорттолот. Бул багытта кызматташуу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр өзбекстандык потенциалдуу ишканалар менен башталды.
https://www.uzdaily.uz/ru/turetskie-brendy-zainteresovany-v-sotrudnichestve-s-uzbekistanom/