25.02.25
25-февралда Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү “EcoFruit” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу, Экономика министрлигинен билдиришти.
“EcoFruit” компаниясынын өкүлдөрү кыргызстандык продукцияга жогору баа берип, анын экологиялык тазалыгын жана жогорку сапатын белгилешти. Эл аралык рынокторго чыга турган товарлар катары кургатылган өрүк жана курага, кара өрүк, грек жаңгактары, фисташкалар, барбарис, буудай, ак жана кызыл фасоль аталды.
Компания өзгөчө грек жаңгактарына жана кара өрүккө көңүл буруп, бул товарлар чет өлкөлөрдө дайыма талапка ээ экендигин белгилешти.
Мындан тышкары, “EcoFruit” компаниясы Кыргызстанда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат, бул кыргыз продукциясын дүйнөлүк рынокторго системалуу түрдө экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөт.