26.02.25
Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дүйшөнкул Чотонов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар автотранспорт жана темир жол тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулап, анын эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштарын чыңдоодогу негизги ролун баса белгилешти. Айрыкча, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол магистралын куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, темир жол курулушу аяктаганга чейин колдонулуучу “Кашкар – Ош – Иркештам” мультимодалдык транспорттук коридору аркылуу жүк ташууну биргелешип өнүктүрүү маселелери да каралды.